Үч округ боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо аяктады
30-июнга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча №5 Ноокат шайлоо округу, №29 Свердлов шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча талапкерлерди каттоо аяктады.
Бүгүнкү күндө жалпысынан 29 талапкер, анын ичинде 2 аял каттоодон ѳтүп, шайлоого катышууда.44 талапкер мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз беришкен, 12 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан жана үч талапкерди каттоодон баш тартылган, анын ичинен:
№5 Ноокат шайлоо округу: Мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип жалпысынан 12 талапкер арыз берген, 9 талапкер катталган, анын ичинен 1 аял талапкер, 3 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан.
№5 Ноокат шайлоо округу боюнча ЖК депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси: 1. Марипов Бакытбек Асамидинович; 2. Абдивалиев Артыкбай Турабидинович; 3. Кудайбердиев Элдар Абдималикович; 4. Кыланов Касымбек Омурбекович; 5. Айдосов Айболот Абдурахманович; 6. Ажикулов Бакытбек Тургуналиевич; 7. Дуванаева Гулнара Качыбековна; 8. Толонбаев Санжарбек; 9. Абдикеримов Каныбек Айдарович.
№29 Свердлов шайлоо округу: Жалпысынан 12 талапкер мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз беришкен, 5 талапкер, анын ичинен 1 аял талапкер катталган, 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан, эки талапкерди каттоодон баш тартылган.
№29 Свердлов округу боюнча ЖК депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси: 1. Алмаз уулу Аскар; 2. Сапарбаев Чынгыз Сатыбалдыевич; 3. Салымбеков Жумабек Мамытбаевич; 4. Карамушкина Ирина Юрьевна; 5. Турпанов Милан Калыбекович.
№36 Ысык-Көл шайлоо округу: Жалпысынан 20 талапкер мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз беришкен, 15 талапкер катталган, 4 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты, бир талапкерди каттоодон баш тартылган.
№36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча ЖК депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси: 1. Мазымканов Атабек Дюшенович; 2. Момбеков Бактыбек Карыпович; 3. Мукамбетов Джакшылык Мамбетказиевич; 4. Асипов Самат Баялиевич; 5. Тыналиев Айжигит Казакбаевич; 6. Усенгазиев Темирболот Усенгазиевич; 7. Турусбеков Бактыбек Сагындыкович; 8. Турсунакунов Сулайман Сагынбекович; 9. Сартманов Мухтар Аликович; 10. Тукунов Аманат Шакирбекович; 11. Кадыров Кубанычбек Бекбосунович; 12. Тентимишев Султан Таалайбекович; 13. Есенгулов Руслан Урустанбекович; 14. Искаков Эртай Дуйшобекович; 15. Мамбетов Малик Кусеинович.