Abank
SerepTV Logo

"Макам аныкталмайынча Ворухка жол болбойт". Камчыбек Ташиев жабык эшик артындагы сүйлөшүү тууралуу айтты

"Макам аныкталмайынча Ворухка жол болбойт". Камчыбек Ташиев жабык эшик артындагы сүйлөшүү тууралуу айтты

Бүгүн, 2-февралда парламенттин жыйынында депутаттар жабык эшик артында кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматын укту.

Атайын кызматтын башчысы журналисттерге берген маегинде эл өкүлдөрү эч кандай тапшырма бербегенин айтты. Анын айтымында, кеп 39-протокол тууралуу болгон.

«Тактап айтканда, депутаттар протоколго ылайык, Тажикстандын Ворух анклавына чындап эле коридор берилеби деп сурашты. Мен Ворухка коридор берилбейт, кошумча жол салынбайт деп жооп бердим. Ак-Сай айылынын чыгыш тарабындагы жолдун боюндагы долбоор макулдашылмакчы. Бул айылдын элинин коопсуздугу үчүн тынчсызданышыбыз керек. Бул жолдун курулушу боюнча протоколдо так жазылган: анын статусу эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик келишим менен аныкталат. Бул макам аныкталмайынча жол болбойт”, - деди Ташиев.

https://youtu.be/rbqEQ4bDGbg