Владимир Зеленский Украинанын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алды
Кыргызстандагы элчисинен тышкары Украинанын Грузиядагы элчисин да чакыртып алганы маалымдалууда. Мындай чечим украиналык кризис боюнча аталган өлкөлөрдүн позициясынан экендиги жазылган. Украинанын президентинин айтымында, элчилер "Украинага каршы агрессия акталганы үчүн" чакыртылууда.