Royal
SerepTV Logo

Улуттук банк марттын биринчи аптасында 17 килограммдан ашуун алтын сатты

Улуттук банк марттын биринчи аптасында 17 килограммдан ашуун алтын сатты
Улуттук банк марттын биринчи аптасында 17 килограммдан ашуун алтын сатты. Бул тууралуу аталган банктан маалымдашты. Жылдын башынан бери Улуттук банк 167 миллион 316 миң 787 сомго бааланган 27,9 килограмм алтын саткан. Январда - 0,1 килограмм, февралда 10,3 килограмм, ал эми март айынын алгачкы күндөрүндө 17,4 килограмм алтын куйма сатылган. 28-февралда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, алдыдагы каатчылыктан чыгуу үчүн Улуттук банктан алтын сатып алууну сунуштаган.