Украинадагы кыргызстандыктарды Румыния аркылуу эвакуациялоо уюштурулду
Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Украинадагы элчилиги кыргызстандыктарды Румыния аркылуу эвакуациялоонун кошумча жолун иштеп чыгышты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Бухарест шаарынан учуп кетүү үчүн Румыния төмөнкү талаптарды билдирди:
- Кыргыз Республикасынын жарандары транзиттик визаны Черновцы шаарындагы Школьная көчөсү, 16 дарегиндеги Румыниянын Башкы консулдугунан алышы керек же +380372545434 номурлары, ошондой эле евиза.mae.ro шилтемеси боюнча электрондук визага кайрылыңыз.
- жаныңызда ПЦР-тести же эмдөө сертификаты болушу керек.