Abank
SerepTV Logo

Украинадагы кырдаалдан улам Кыргызстанга акча которуу 33 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Украинадагы кырдаалдан улам Кыргызстанга акча которуу 33 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн
Украинадагы кырдаалдан улам 2022-жылы Кыргызстанга акча которуу 33 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын аналитикалык баяндамасында жарыяланды. Баяндаманын авторлорунун айтымында, Борбор Азиянын өлкөлөрү Орусиядан которулган акчадан көз каранды. 2021-жылдын 1-3-кварталында Кыргыз өлкөсүнө которулган акча каражатынын жалпы көлөмүнүн 83 пайызы Орусияга туура келген. Орусиядагы экономикалык активдүүлүктүн солгундашы ишке орношууну кыйындатып, эмгек мигранттарынын кирешесин ылдыйлатат. Бул өз учурунда алардын акча которуусуна таасирин тийгизет.