Royal
SerepTV Logo

Украинада каза болгон кыргыз жигиттин сөөгү бүгүн жерге берилди

Украинада каза болгон кыргыз жигиттин сөөгү бүгүн жерге берилди
Бүгүн, 25-мартта Украинада каза болгон кыргыз жигиттин сөөгү жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Орусиянын жана Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн аскерлери катышып жатышат. Анын сөөгү кечээ, 24-мартта Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу алып келинип, кийин Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылына жеткирилди. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="103114,103115,103116"] 22-мартта Украинада согуштук аракеттерде 20 жаштагы орусиялык армияда кызмат өтөгөн кыргыз жигит каза болгону маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун жакындары каза болгон жигиттин аты-жөнү Эгемберди Дорбоев экендигин, анын Кыргызстанда төрөлүп, кийин Орусиянын жарандыгын алгандыгын, армияга кызмат өтөөгө өткөн жылы кеткенин айтып беришкен.