Abank
SerepTV Logo

Украинада дагы бир Кыргызстанда туулган, 26 жаштагы Рустам Зарифулин каза болду

Украинада дагы бир Кыргызстанда туулган, 26 жаштагы Рустам Зарифулин каза болду
Украинадагы согуштук аракеттерде дагы бир Кыргызстанда туулган, 26 жаштагы Рустам Зарифулин каза болду. Анын Харьков облусунда 14-мартта курман болгону маалымдалып, сөөгү бүгүн, 26-мартка караган түнү Канттагы аба майданы аркылуу Кара-Балтага алып келинди. Маркум 1996-жылы Кара-Балтада туулуп, мектепти аяктагандан кийин Орусиянын жарандыгын алып, аталган мамлекеттин армиясында 2016-жылдан бери келишимдик негизде кызмат кылып жүргөн. Соңку жолу ал ушул жылдын январь айында Кыргызстанга келип кеткен. 22-мартта Украинада согуштук аракеттерде 20 жаштагы орусиялык армияда кызмат өтөгөн кыргыз жигит каза болгону маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун жакындары каза болгон жигиттин аты-жөнү Эгемберди Дорбоев экендигин, анын Кыргызстанда төрөлүп, кийин Орусиянын жарандыгын алгандыгын, армияга кызмат өтөөгө өткөн жылы кеткенин айтып беришкен. Анын сөөгү Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилди.