"Түрмө болчу". Ташиев Жалал-Абадда мамлекеттик администрациянын имаратынын курулушуна капсула салды
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.
"Бул жерде түрмө болчу. Аны баарыңар билесиңер. Түрмө 50 жылдан бери турган экен. Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик администрациянын жаңы имаратын куралы деп чечтик. Адамдар эс алуучу сейил бак болот. Башка жерлерде чоң аянт бар эмеспи, митинг, чогулуш өткөрөт. Биздин Жалал-Абадда жок. Аны жакшы билесиңер. Эми бул жерде аянт, эс алуу сейил багы, мэрия болот",- деди ал.