Royal
SerepTV Logo

Түптө көл жээгинде эс алып жүргөн жаран дайынсыз болуп жатат

Түптө көл жээгинде эс алып жүргөн жаран дайынсыз болуп жатат
Түптө Чүйдүн тургуну дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 29-июль күнү саат 15:00 чамасында Түп районунун Ынтымак айылында 1978-жылы туулган Чүй облусунун тургуну көлдүн жээгинде эс алып жүргөн жеринен дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат "102" кызматы тарабынан түшкөн. Жериде ӨКМдин Каракол шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу анын ичинен 3 суучул жана Түп райондук Ички иштер бөлүмүнөн 6 кызматкер издөө иштерин жүргүздө.