Royal
SerepTV Logo

"Топ балдар унаага салып, талаага алып барып, зордуктап, таштап кетишти. 2 күн талаада жаткам" дейт колу мунжу келин

"Топ балдар унаага салып, талаага алып барып, зордуктап, таштап кетишти. 2 күн талаада жаткам" дейт колу мунжу келин
SUPERTV'нын бул жолку каарманы 31 жаштагы Бактыгүл Жээнова. Ал балдар үйүндө тарбияланган. Бир колу тубаса мунжу. Учурда келин таштандылардан бөтөлкө чогултуп, күн кечирип келет. Келин үшүгөн кезде автобуска түшүп алып, максатсыз шаар кыдырарын айтат. "Эки ирет турмушка чыктым, экөөнөн тең жолум болгон жок" деп кейиген келин тагдырын айтып берди. "Желим бөтөлкөлөрдү өткөрөм. Күн сууктап кеткенде, автобуска түшүп алып жүрө берем. Жашаган жерим жок, эч ким жокто курткамды алдыма салам да, ар кайсы жерде жатам. Мени кичинемде апам таштап кеткен экен. Ошол жакта чоңойдум. 11-классты бүтүп, турмушка чыга электе оор тагдырга туш болдум. Караколдо жүргөндө бир эже Чолпон-Атага жүгөрү сатыш деп чакырган. Үйүн таппай, кечке чейин жүрдүм. Телефону өчүк. Балдарга жолугуп калдым. Унаага кыйнап салышып, ээн талаага алып барып, зордукташып, таштап кетишкен. 2 күн ошол жакта жаттым. Боюма бүттү. Турмушка боюмдагы балам менен чыккам", - деди ал. https://youtu.be/MsRdDJRkeEc