Тогуз-Торого алгачкы жолу жүгөрү майдалап чабуучу комбайн барды
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна алгачкы жолу жүгөрү майдалап чабуучу комбайн жеткирилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
"Жаңы техниканын жардамы менен талаадагы жүгөрү чабылып, артыкчылыктуу технологиясы менен силоско бастырылды. Тогуз-Торо районуна Союз урагандан кийин быйыл биринчи жолу чыктуу тоют даярдоо максатында "Аталык" сортундагы жүгөрү үрөндөрү 25 га жерге себилген",- деп айтылат маалыматта.