Abank
SerepTV Logo

ТИМ Украинадагы кыргызстандыктар тууралуу маалымат берди

ТИМ Украинадагы кыргызстандыктар тууралуу маалымат берди
Украинанын аймагында өзгөчө кырдаал абалы киргизилгендигинен, Украинанын аба байланыш чек арасынын жабылганынан улам Украинадан кетүүнү каалаган Кыргыз жарандарын үчүнчү өлкөлөр аркылуу эвакуациялоо алкагында Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү маалымдады: 1-мартта 114 кыргызстандык жаран - 38 жашы жете элек, 5 студент, 71 чоң адам (булардын ичинде 7 жаран украиналык-венгриялык чек арасына бара жаткан жолдо кошулган) автобус менен Будапештке жеткирилди. Жарандарды чек арада Венгриядагы элчилигинин кызматкерлери тосуп алышып, Кыргызстандын Венгриядагы консулунун көмөгү менен бардык жардам көрсөтүлүп, тамак-аш, жатакана менен камсыз кылышты. Министрликтин тапшырмасы боюнча Кыргызстандын Ардактуу консулдарынын көмөгү менен 1-мартта Харьков шаарынан Львов шаарына чейин темир жол транспорту менен кыргызстандык жарандар акысыз негизде алып келинди. Бүгүнкү күнү Польшанын аймагында 90 Кыргыз жараны турууда, алардын ичинен жарымы жатакана менен камсыз болушту, азыркы кезде калгандарын жайгаштыруу боюнча маселе чечилүүдө. Киев шаарында жайгашкан Кыргыз жарандарды Венгрияга автобус менен алып кетүү боюнча тизме түзүлүүдө. Ушуга байланыштуу ТИМдин Консулдук кызматына +996 551 312 000 телефону аркылуу байланышууну өтүнөбүз. Жарандарды чогултуу орду - Киев шаары, "Дачная" темир жол станциясы. Ошондой эле Львов шаарында да Венгрияга алып чыгуу үчүн тизмеге катталуу жүрүүдө. Элчиликтин байланыш тел.: +380 50 776 3494. Жарандарды чогултуу орду - Львов шаары - Стрий вокзалы.