SerepTV Logo

Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ушул жылы ишке берилет

Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ушул жылы ишке берилет
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Эти Бакыр Терексай» тоо-кен ишканасынын башкы директору Вели Гөкдере менен жолугушту. Анда кыргыз-түрк ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланды. Ишкана жетекчиси билдиргендей, ушул жылдын биринчи кварталында Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ишке берилет. Терек-Сай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы – биргелешкен ишкана, капиталынын 25 пайызы – «Кыргызалтын» ААКсына, 75 пайызы «Эти Бакыр» түрк компаниясына тиешелүү. Ишканада 800дөн ашуун Кыргыз жараны эмгектенет.