Abank
SerepTV Logo

Ташиев: "Сапатсыз кылып курбай эле койгула. Жолдун ар бир метринин сапаты текшерилет"

Ташиев: "Сапатсыз кылып курбай эле койгула. Жолдун ар бир метринин сапаты текшерилет"
Бүгүн, 22-июлда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат-Раззаков жолундагы абал менен таанышты. "Жолдун сапатына укмуш көңүл бургула. Жолду сапатсыз курулгандан көрө курбай койгон жакшы. Мамлекеттин акчасын кетирип, 1-2 жылдан кийин кайра талкаланып, анан дагы ошончо акча кетиргенден көрө курбай койгон жакшы. Жолдун ар бир метри сапаттуу курулушуна көзөмөл кылабыз", - деди Ташиев.