Таласта мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан окуучу табылды
Таласта мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 6-класстын окуучусу табылды. Бул тууралуу Талас ОИББден билдиришти.
Ал 19-апрелде мектептен чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан. "Окуучу табылды. Аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүп берилди",- дешти милициядан.