Royal
SerepTV Logo

Таласта көк бөрү оюну учурунда аттан кулаган улакчы жандандыруу бөлүмүндө жатат

Таласта көк бөрү оюну учурунда аттан кулаган улакчы жандандыруу бөлүмүндө жатат
Талас районунда көк бөрү боюнча облустук мелдештин жыйынтыктоочу турунда 23 жаштагы оюнчу аттан кулап, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазды. Маалыматка караганда, оюн 8-февраль күнү өткөн. Учурда жигиттин абалы оор. Компьютердик томографиядан өткөндө, мээнин травматикалык жаракаты, желке сыныгы, гематома, оор мээ жаракаты аныкталган. Жигит текшерүүдөн өтүп, эс-учун жоготкон. Операция жасалган. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.