SerepTV Logo

Тажикстанда чек арадан кармалган Кыргыз жараны каза болду

Тажикстанда чек арадан кармалган Кыргыз жараны каза болду
Тажикстанда чек арадан кармалган 68 жаштагы Баткен облусунун тургуну Кудайберди Бекмуратов каза болду. Ал коңшу өлкөдө чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн эки жылга соттолуп, жазасын өтөп жаткан. Бул тууралуу маалымат Тышкы иштер министрлигинен ырасталды. Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз жаранынын каза болгон фактысы боюнча өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу иликтөө жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү суранычы менен нота жөнөттү.