Royal
SerepTV Logo

Султан Раев ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы болду

Султан Раев ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы болду
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раев Түрк маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун башкы катчысы болуп бекиди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты. Мындай чечим бүгүн, 31-мартта Түркиянын Бурса шаарында өткөн Түрксой уюмунун кезексиз жыйынында белгилүү болду. Султан Раевдин талапкерлиги бардык Түрк мамлекеттери тарабынан бир добуштан колдоого алынды.
Буга чейин бул кызматты Казак Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Казакстандын мурдагы маданият министри Дүйсен Касеинов аркалап келген.