Royal
SerepTV Logo

Социалдык фонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка чейин көтөрүүнү сунуштады

Социалдык фонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка чейин көтөрүүнү сунуштады
Социалдык фонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка чейин көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Социалдык фонддун башчысынын орун барасы Гүлнура Жуматаева пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясынын долбоору боюнча парламенттик угууда билдирди. "Европада пенсияга чыгуу курагы 65 жаш. Айымбы же мырзабы анын айырмасы жок. Казакстан дагы азыр этап менен өстүрүп баратат. Орусияда да ошого бара жатышат. Бирок булар мамлекеттик кызматкерлерден баштады. Биз теңөө боюнча сөз кылган жокпуз, жок дегенде эки жылга - 58ден 60ка чейин. Бул куракта эч кимдин пенсияга кеткиси келбейт. Жок дегенде айымдардыкын 60-63 кылсак деген сунуш алып келип жатабыз",- деди ал.