Royal
SerepTV Logo

"Шоро" компаниясынын уюткусу Сүйүн Эгембердиева 95 жашында дүйнө салды

"Шоро" компаниясынын уюткусу Сүйүн Эгембердиева 95 жашында дүйнө салды
Бүгүн, 5-апрелде "Шоро" компаниясынын түптөөчүсү жана "Супара" этнокомплексинин негиздөөчүсү Таабалды Эгембердиевдин апасы Сүйүн Эгембердиева 95 жашында дүйнө салды.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Supara (@supara_kg)

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 6-апрелде Арашан айылында өтөт. "Шоро" компаниясынын жаралуу тарыхында Сүйүн Эгембердиеванын ролу чоң болгон. Эгембердиевдердин үй-бүлөсүнөн бешөө: Жумадыл Эгембердиев, анын аялы, Таабалды Эгембердиев, анын улуу баласы, бир тууган карындашы Анара Эгембердиева биригип, башкы технологдун милдетин аткарган Сүйүн Эгембердиева менен 1992-жылы алгачкы жолу базарга 80 литр максым алып чыгышкан. "Апамдын 4 кой, 2 эчкисин сатып, үйдөн эле максым жасоону чечтим" деп Таабалды Эгембердиевдин эскерген жайы бар. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="104073,104071,104072,104070"] СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин эмгек жамааты Сүйүн Эгембердиеванын кайтыш болгондугуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.