SerepTV Logo

Шашылыш билдирүү! Унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Шашылыш билдирүү! Унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт
19-январдан 20-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 92-99-чакырымдарында жана Красная Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Өзгөчө кырдалдар министрлигинен унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоого чакырышат.