Шашылыш билдирүү. Өлкөнүн айрым аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн
28-январдан 30-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99 чакырымдарында жана Красная Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.