Royal
SerepTV Logo

Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн
5-марттан 9-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
➡️Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);
➡️Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
➡️Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 70-75, 86-101 чакырымдарында;
➡️Красная Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында;
➡️Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымдарында;
➡️Казарман - Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси);
➡️Казарман - Актал-Чат унаа жолунун 60-94 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу).
?Аталган унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот.
 ӨКМ эскертет: Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.