Шашылыш билдирүү: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө
Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал күтүлөт.
Катуу шамал учурунда:
- Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
- Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
- Көз айнек кийиңиз.
Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.