Abank
SerepTV Logo

Шашылыш билдирүү: 18-21-март күндөрү суук түшөт

Шашылыш билдирүү: 18-21-март күндөрү суук түшөт
18-марттан 21-мартка чейин республиканын аймактарында абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
? Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу;
? Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин жетет;
? Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин жетип, күндүзү 2…7° жылуу;
? Ысык-Көл облусунун дыйканчылык кылуу аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу;
? Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин жетет.
? Тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа айдоочулардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.