Abank
SerepTV Logo

Шамалдаткычы бар. Ошто жаңы автобустар каттай баштады

Шамалдаткычы бар. Ошто жаңы автобустар каттай баштады
Ош шаарында жаңы автобустар ишке кирди. Коомдук унаа жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана жайкы ысыктан сактаган шамалдаткычтары бар. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан алынган ISUZU SAZ LE 60 үлгүсүндөгү жаңы автобустар №43 автобустук каттамга чыкты. Аталган каттам №143 кичи автобус каттамын алмаштырды. Кийинки жумадан тарта жаңы автобустар төмөнкү багыттар боюнча №7 жаңы автобустук каттамга чыга баштайт. Мындан тышкары, жакынкы күндөрдө жаңы автобустар №49 жана №25 автобустук каттамдарына чыгышат.