Селден улам жабылып калган Мырза-Аке - Кара-Шоро жолунда каттам жанданды
Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, убактылуу жабылып калган Мырза-Аке - Кара-Шоро унаа жолунда каттам жанданды.
Тазалоо иштерине “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №5 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылган. Тынымсыз жүргөзүлгөн жумуштардын жыйынтыгы менен Мырза-Аке - Кара-Шоро унаа жолунун 49-51-чакырымдар аралыгы калыбына келтирилип, каттам берилди.