Royal
SerepTV Logo

Сауд Арабия ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү

Сауд Арабия ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү
Кечээ, 19-апрелде Сауд Араб Падышалыгынын ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти. "Ажылыкты уюштуруу боюнча Сауд Араб Падышалыгы чукул маалымат тараткандыктан улам, убакыттын тар экендигин эскертүү менен 2019-2020-жылдары ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер 25-апрелден тарта төлөмдөр башталаарын кабарлайбыз. Ажылык сапарынын төлөмдөрү 5 күн ичинде жүргүзүлүүсү шарт", - деп айтылат маалыматта. Чет элдиктерге коюлган талаптар: 1. Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болуусу; 2. COVID-19 илдетине каршы эмделген болуусу; 3. САПтын аймагына киргенге чейинки 72 сааттын аралыгында COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган күбөлүктүн бар болуусу.