Саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматтан алынган 4 жетекчинин тизмеси
Саламаттыкты сактоо министрлиги ведомствонун 2021-жылдагы коллегиясынын жыйынтыгында кимдер ээлеген кызматынан бошотулганын жарыялады.
- Нарын облустук Үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Муратбек Аляскаров;
- Баткен районунун Кулунду шаардык жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Пулат Абдуманов;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгынын директору Максымбек Омокеев;
- Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин түштүк бөлүмүнүн башчысы Садбар Кутбаева.