SerepTV Logo

Садыр Жапаров Казакстанга жөнөп кетти. Аны коштоп кеткендердин тизмеси

Садыр Жапаров Казакстанга жөнөп кетти. Аны коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн иш сапары менен Казакстан Республикасына жөнөп кетти.

Расмий делегациянын курамындагылар:

- Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;

- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

- Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев.