Royal
SerepTV Logo

Сабырбек Жумабеков: "Алымкадыр Бейшеналиев менден кечирим сурап, иштешели деген сөзү болгон"

Сабырбек Жумабеков: "Алымкадыр Бейшеналиев менден кечирим сурап, иштешели деген сөзү болгон"
"Мен Алымкадыр Бейшеналиев менен жаман мамиледе болгон эмесмин". Бул тууралуу SUPERTV каналына маек берип жатып кызматтан алынган 4-оорукананын мурдагы башчысы Сабырбек Жумабеков билдирди. "Керек болсо, менде азыр аудиосу бар. Мага үн жаздыруу жөнөтүп, "досум, мындан ары бири-бирибизди колдойлу, иштешели, мени кечирип кой" деген сөздөрү болгон. Министр болгучакты экөөбүздүн жолубуз кайчылашкан эмес", - деди ал. Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган борбор Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн билдирген. Кайра түзүлсө, жетекчи алмашарын айткан. Буга каршы болгон ак халатчандар 3-февралда оорукананын алдында митинг өткөрүштү. 4-февралда министр Жумабековдун кызматтан алынганын айтты. Ал эми анын ордуна жаңы дайындалган жетекчини ооруканага киргизбей коюшту. https://youtu.be/3fsyzAcR7H0