Саат 10:00гө карата эки округда 5913 шайлоочу добуш берди. Бул 2,69 пайызды түзөт
Бүгүн, 27-февралда Бишкектеги №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат.
Саат 10:00гө карата эки округ боюнча 5913 шайлоочу же жалпы шайлоочулардын 2,69 пайызы добуш берди. Биринчи Май райондук округунда 1954 шайлоочу добуш берди. Бул 1,73 пайызды түзөт. Ал эми Свердлов райондук округунда 3959 шайлоочу өз талапкерин тандоо кылды.
Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт. Шайлоого 50 талапкер катышууда. Шайлоочулардын тизмесине 219 миң 654 адам кирди, анын ичинен 92 миң 587 эркек, 127 миң 67 шайлоочу аял.