SerepTV Logo

Республикалык штаб: "Парацетамолду 5 күндөн ашык колдонууга болбойт"

Республикалык штаб: "Парацетамолду 5 күндөн ашык колдонууга болбойт"
Парацетамол – дене табын түшүрүүчү жана ооруну басаңдатуучу дары, бирок анын сезгенүүгө каршы таасир бербейт. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, доцент, Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин фармкөзөмөлдөө жана жарнама бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Жумагулова айтып берди.
Парацетамолду колдонуу боюнча негизги сунуштар:
❗️Алкоголдук ичимдиктер менен айкалыштырууга болбойт – бул боорго таасирин тийгизет!
❗️Дарылоонун узактыгы: дене табын түшүрүү каражаты катары 3 күндөн ашык эмес, ооруну басаңдатуу каражаты катары 5 күндөн ашык эмес колдонуу керек.
❗️Белгиленген дозадан ашырбоо зарыл!
❗️Парацетамолдун ашыкча дозасы боордун иштебей калышына алып келиши мүмкүн!
Атайын көрсөтмөлөр:
⚪️Парацетамолду, башка курамында парацетамол бар дарылар менен бир убакта колдонууга болбойт, бул ашыкча дозага алып келиши мүмкүн.
⚪️Дарыны 5 күндөн ашык колдонууда кандын жана боордун көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөө керек.
Ашыкча дозанын белгилери:
• теринин кубаруусу;
• жүрөк айлануу, кусуу;
• ич ооруу;
Ашыкча дозадан улам боордун функциясынын бузулушунун симптомдору 12-48 сааттан кийин пайда болушу мүмкүн. Өтө ашыкча дозаны колдонгондо боордун жетишсиздиги: энцефалопатияга, комага, өлүмгө алып келиши мүмкүн. Ал эми курч бөйрөк жетишсиздигинен аритмия, панкреатит өөрчүшү мүмкүн.