SerepTV Logo

Ректор: "Садыр Жапаров чындап эле университетте окуп, дипломун жактаган"

Ректор: "Садыр Жапаров чындап эле университетте окуп, дипломун жактаган"
Коомчулуктун кызыгуусуна байланыштуу Кыргыз-Орусиялык Славян университети Садыр Жапаровдун 2006-жылы юридикалык факультеттин сырттан окуу бөлүмүн аяктаганын тастыктайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда университеттин ректору Владимир Нифадьев билдирди. "Садыр Жапаров 2006-жылдын 19-майында "Жогорку Кеңештин депутатынын конституциялык-укуктук статусу" деген темадагы дипломдук ишин "эң жакшы" деген баага жактаган. Ага ЖОЖдун бардык студенттериндей эле кыргыз жана орусиялык үлгүдөгү диплом тапшырылган", - деди ректор. Садыр Жапаров 1991-жылы Дене тарбия жана спорт институтун, 2006-жылы Кыргыз-Орусиялык Славян университетин аяктаган. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасында "Бизде президент Садыр Жапаров мени менен бир жылда Кыргыз-Орусиялык Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Бирок анын группалаштары кимдер жана ал мамлекет менен укуктун теориясын эстейби?" деген суроо салган.