Президент Садыр Жапаров Молдомуса Конгантиевдин тажиясына барды
Молдомуса Контантиевдин тажиясына президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу соцтармак колдонуучулары жазды. Аны менен кошо тажияга Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов да барган.
ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиев 12-февралда Ошто көз жумган. Ал 63 жашта болчу. Жакындарынын айтымында, Конгантиевдин жүрөгүнүн согуусу күтүүсүздөн токтоп калган.