Royal
SerepTV Logo

Оштогу сел: Камчыбек Ташиев жапа чеккендерге кандай жардам болорун айтты

Оштогу сел: Камчыбек Ташиев жапа чеккендерге кандай жардам болорун айтты
Бүгүн, 19-июлда Камчыбек Ташиев Оштогу селден жапа чеккендерге кандай жардам берилерин айтты. УКМКнын төрагасы Ош облусундагы сел жүргөн аймактардагы абал менен таанышып, жергиликтүүлөр менен жолугушуу үчүн барган. ▪️ Селден 76 үй жараксыз болуп калган. Аларга 1 миллион сомдон акча берилет. ▪️ Капиталдык оңдоого муктаж 56 үй бар. Аларга ээлерине 500 миң сомдон берилет. ▪️ Борбордук базарда 750 контейнерге зыяны тийип ичиндеги товарларды агызып кетти деп жатышат. Буга чейин катталып, салык, патент төлөп жүргөндөргө 100 миң сомдон берилет. ▪️ ЭлТР телеканалы жарыялаган видеодо Камчыбек Ташиев каза болгондордун жакындарына 1 миллион сомдон берилери  маалымдалды.