Royal
SerepTV Logo

Оштогу сел жүргөн аймактарга электр жарыгы толугу менен берилди

Оштогу сел жүргөн аймактарга электр жарыгы толугу менен берилди
Сел жүргөн аймактарга электр жарыгы толугу менен берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. "14-июлда Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында жүргөн катуу селдин кесепетинен 7500 керектөөчү жарыксыз калып, 6 электр тирөөчтү сел агызып кеткен. Учурда Кара-Суу районунда жайгашкан 110/10 кВ Беш-Мойнок көмөк чордонуна сел киргендиктен, оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү иштери жасалып, чыңалуу толук 7500 абонентке берилди. 4 трансформатор жеке менчик болгондуктан калган 25 керектөөчүгө электр энергиясын берүү аракеттери көрүлүүдө",- дешти.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от МИНЭНЕРГО КР (@minenergo.kg)