Royal
SerepTV Logo

Ошто Мунарбек Сейитбек уулунун күйөрмандары чогулушту (видео)

Ошто Мунарбек Сейитбек уулунун күйөрмандары чогулушту (видео)
Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарынын финалына чыккан. Анын финалдык беттеши бүгүн, 11-августта болот. Беттешти күтүп жаткан Оштогу күйөрмандары жана машыктыруучусу чоң экрандын алдына чогулушту.

Эске салсак, кыргызстандык спортчу беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, 1-августка караган түнү кубалык Сайдель Хортаны утуп, чейрек финалга чыккан. Сейитбек уулу 4-августка караган түнү АКШлык Жамал Харви менен беттешип, кайрадан жеңишке жеткен.

9-августка караган түнү анын атаандашы болгариялык Хавьер Ибанес Диас болду. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңишти кыргызстандыкка беришти. Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарынын финалына чыккан.