Royal
SerepTV Logo

Ош шаарында "Ак калпак" инсталляциясы ачылды (сүрөт)

Ош шаарында "Ак калпак" инсталляциясы ачылды (сүрөт)

Бүгүн, 4-март күнү Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында 5-март – Ак калпак күнүнө карата “Ак калпак” инсталляциясынын ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

"Бийиктиги 4 метр болгон инсталляция үч бурчтуу түз призма болуп, анын бардык тарабында Ош шаарынын бренди коюлуп, үстүнө улуттук баш кийим – Ак калпак орнотулган. Андан соң Ак калпак күнүнө карата иш-чаралардын алкагында шаардын борбордук көчөлөрүндө массалык жөө жүрүш өттү",- деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="101267,101268,101269,101270"]