Royal
SerepTV Logo

"Ош базарда" 17 миң сомдук эркектин 60тай ич кийими уурдалган. Кылмышка шектүү 2 айга камалды

"Ош базарда" 17 миң сомдук эркектин 60тай ич кийими уурдалган. Кылмышка шектүү 2 айга камалды
Милиция кызматкерлери тарабынан "Ош базарынын" аймагында уурулук кылууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 19-февралда Ленин РИИБге арыз менен аял киши кайрылып, ошол эле күнү саат 13:00 чамасында эркектердин 58 даана ич кийимин уурдап кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. Арыздануучу 17 миң 400 сомдук чыгымга учураган. Факты катталып, Жазык кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1972-жылы туулган жаран аныкталып, бөлүмгө жеткирилди. Ал соттун чечими менен СИЗО-1ге 2 айга камакка алынды. Тергөө уланууда.