Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги, "Ала-Тоо" аянты, Ак Үй менен Көк Үйдүн жанында митинг өткөрүүгө болбойт
Бишкекте жайгашкан Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги, "Ала-Тоо" аянты, Жогорку Кеңеш менен президенттик аппараттын имаратынын жанында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг өткөрүүгө чектөө киргизилди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Биринчи Май районунун аймагында мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чаралардан сырткары жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан уюштурулган митинг-акцияларды Бишкек шаарынын Манас көчөсүнүн №55 дарегинде жайгашкан Орусиянын элчилигинин алдында, борбордук "Ала-Тоо" аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын имаратынын алдына өткөрүүгө чектөө коюлду. Жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан уюштурулган митинг-акцияларды Максим Горький атындагы скверге өткөрүүсү жөнүндө чечими мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды.