Abank
SerepTV Logo

Орусияда медкароодон өтүшү керек болгон Кыргыз жарандары дале кезек күтүүгө аргасыз болуп жатышат (видео)

Орусияда медкароодон өтүшү керек болгон Кыргыз жарандары дале кезек күтүүгө аргасыз болуп жатышат (видео)
Орусияда медкароодон өтүшү керек болгон мигранттар дале кезек күтүүгө аргасыз болуп жатышат. Кезек күтүп жаткан жерде тартылган видео, сүрөттөр соцтармактарга тарап жатат. "Мынакей кезек. Аябагандай көп. Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Армениянын жарандары турат. Кезек күткөндөр өтө көп", - дейт видеонун автору. Буга чейин социалдык түйүндөрдө Москвада медкароодон өтүшү керек болгон миңдеген мигранттардын кезекте турган сүрөтү жарыяланган. Ал арада элчилик маалымат таратып, Орусияга барган Кыргыз жарандарынын абалын татаалданткан оор кырдаалды жөнгө салуу боюнча бир катар чараларды, анын ичинде дипломатиялык чараларды көрүп жатканын белгилеп, өзүнчө кирүү ачылганын билдиришкен болчу.