Royal
SerepTV Logo

Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан эгиндерин жана кумшекерди экспорттоого убактылуу тыюу салды

Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан эгиндерин жана кумшекерди экспорттоого убактылуу тыюу салды
Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан эгиндерин жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин убактылуу тыюу салды. Буудай, буудай менен кара буудайдын аралашмасы, кара буудай, арпа, жүгөрүгө чектөө болот. Андан тышкары, кумшекер менен чийки камыш кантын чыгарууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу ТАСС жазды. Жарыяланган маалыматка караганда, бул убактылуу тыюу салуу азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана азыркы шартта ички рынокто коргоого жардам берүү үчүн керек болгон. Ошол эле убакта ЕАЭБ өлкөлөрү менен кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөр сакталары маалымдалган.