Royal
SerepTV Logo

Өлкөдө эртең үшүк жүрөт. Кайсы аймактарда суук күтүлүүдө?

Өлкөдө эртең үшүк жүрөт. Кайсы аймактарда суук күтүлүүдө?
Кыргызстанда эртең, 30-мартка караган түнү жана таңкы убакытта үшүк жүрүшү күтүлүп жатканын Кыргызгидрометтен маалымдашты. Чүй облусунун дыйканчылык аймагында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда -1…-3° градуска чейин, Талас облусунун дыйканчылык аймагында -2…-4° градуска чейин суук болот. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлап, гүлдөп алган мөмөлүү бактарга кооптуу.