Royal
SerepTV Logo

Окумуштуу, академик Илгиз Айтматов дүйнө салды

Окумуштуу, академик Илгиз Айтматов дүйнө салды
Бүгүн, 27-августта окумуштуу, академик Илгиз Төрөкулович Айтматов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын кызы Жамиля Айтматова билдирди. Илгиз Айтматов — улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун иниси. Ал 1931-жылы 8-февралда Фрунзе шаарында туулган. Көп жыл бою Кыргыз улуттук академиясында эмгектенген.  СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Илгиз Айтматовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.