Abank
SerepTV Logo

ӨКМ сел жүрүшү мүмкүн болгон аймактарды жарыялады

ӨКМ сел жүрүшү мүмкүн болгон аймактарды жарыялады
Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, 30-31-июлда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен. ӨКМ 30-31-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам төмөнкү аймактарда сел жүрөрүн эскертти: – Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда; – Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Тороо райондорунда; – Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Араван жана Кара-Суу райондорунда; – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда; – Чүй облусунун Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда; – Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор райондорунда; – Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата, Манас жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.
Таш кулашы мүмкүн деген жолдор:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында; - Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында; - Бишкек-Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 чакырымдарында; - Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117 чакырымдарында; - Талды-Суу-Арал унаа жолунун 4-5 чакырымдарында; - Ош-Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымдарында; - Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымындарында; - Кербен-Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 чакырымындарында.