Royal
SerepTV Logo

ӨКМ сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоосу мүмкүн болгон аймактарды атады

ӨКМ сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоосу мүмкүн болгон аймактарды атады
ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын шашылыш билдирүүсүндөгү 5-6-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолун билдирет. Өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Жайыл, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Тороо райондорунда, Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай, жана Кара-Суу райондорунда, Талас облусунун Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоосу активдешиши мүмкүн. Республиканын унаа жолдоруна сел жана таш кулоого кооптуу тилкелери, айрыкча: - Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында; - Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында; - Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымдарында; - Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымдарында; - Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында; - Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында; - Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында; - Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 -чакырымындарында сел жүрүүсү жана таш кулоосу активдешүүсү мүмкүн.