ӨКМ Ош-Баткен-Раззаков жолу ачылганын маалымдады
Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы көпүрө жараксыз абалда болгондугуна байланыштуу кечээ, 30-июнда түнү эле айланма жол аркылуу эки тараптуу каттам уюштурулган. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
30-июнь күнү саат 20:40тар чамасында Ош-Раззаков жолунун 63-чакырымындагы Найман көпүрөсү кулап түшүп, жол каттамы эки тараптуу жабылган.