ӨКМ эскертет: Унаа жолдордо таш кулоо, сел жүрүү кооптуулугу күтүлүп жатат
8-12-июль күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдарына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү, таш кулоо жүрүшү мүмкүн.
Айрыкча Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука жана Токтогул райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы жана Нарын райондорунда, Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо активдешүүсү мүмкүн.
СЕЛ ЖҮРҮҮ, ТАШ КУЛОО КООПТУУЛУГУ БАР ЖОЛДОР:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;
- Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;
- Бишкек-Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымдарында;
- Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымында;
- Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымында;
- Ош-Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымында;
- Мырза-Аке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымында;
- Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымында сел жана таш кулоо процесстери активдешет.
Республика жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз. Өзгөчө кырдаалга кабылганда 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.